ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча шаардык ачык чемпионат өткөрүлөт

2016-жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Мелдешке спортклубдаррдын альпинисттери, дене тарбия жамааттары, коммерциялык уюмдар жана спортчулар катышат.

Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Альпинизм Федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештин максаты Бишкек шаарында альпинизмди кеӊири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Мелдештин жеӊүүчүлөрүн басып өткөн каттамдары үчүн топтогон упайларынын жалпы эсеби менен калыстар тобу аныктайт. Жеӊүүчүлөр  Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети диплом жана медалдар менен сыйланат.

Чемпионаттын программасы:

2016-жылдын 1-мартында -  «Ала-Арча» альплагерине катышуучуларды алып баруу.
2016-жылдын 2-мартынан – 14-мартына чейин – спорттук тоо чокусуна чыгуу.
2016-жылдын 15-мартында  - жеңүүчүлөрдү сыйлоо.