ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада окуучулар арасында волейбол боюнча шаардык спартакиаданын финалы башталды

Бүгүн, 29-февралда №62 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясында балдар жана кыздар арасында волейбол боюнча Бишкек шаарынын окуучуларынын спартакиадасынын финалы башталды.

Мелдеш 2016-жылдын 4-мартына чейин уланат.

Спартакиадага ар бир райондон экиден команда, 8 кыздар командасы, 8 балдар командасы, жалпысынан 190 окуучу катышат.

Аталган мелдеш жаштарды сергек жашоого үндөө жана волейбол боюнча Бишкек курама командасын түзүү максатында өткөрүлүүдө.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурууда.