ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 1-мартында саат 9:00 дон 17:00 го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

«Контррезервуары» суу алгычынын оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу берилбейт: Достоевский, М.Горький, Ауэзов көчөлөрү жвнв темир жол сызыгы, «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» конуштары, Кыргыз-Түрк университети, №18 лицей, «Жоодары», БУПП-3, «СЭМ» компаниясы, №7 өрт өчүрүү бөлүмү, «Ак-Жолтой» АК, «Аман-Жол» АК, №93 кесиптик лицей, «Кыргызэнергоремонт» АК, «Алтын-Ажыдаар» ЖЧКсы, «Завод Сверл» АК, Физиология институту, Унаа чогултуучу завод, республикалык МАИ, «Антибиотики» ААК, «Даана» билим берүүчү борбору, «Аструм-Берекет» ЖЧКсы, «Реемстма» ААК, «Инхотек» ЖЧКсы, Байпак фабрикасы (мурдагы «Аяз Групп), Виноградная көчөсү, 1 «а» боюнча «Экзотика» шаардык муз тебүү аянтында таза суу берилбейт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.