ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш объектилери калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Жибек Жолу проспектиси, 403а дарегинде жайгашкан курулуш объектисинин кызматкерлери курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы аныкталды.

Ирригациялык тармагы таштандыга толуп, санитардык нормалар сакталбаган жана калааны көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын  мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан жеке үйдүн ээси Жумашев Т.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.