ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте баскетбол боюнча балдар арасында окуучулар спартакиадасы жыйынтыкталды

2016-жылдын 22-февралдан 26-февралга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин оюн залында 1998-жылы төрөлгөн балдар арасында баскетбол боюнча окуучулардын шаардык спартакиадасы өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын бардык райондорунан сегиз команда катышты.

Мелдеш сергек жашоого үндөө жана баскетбол боюнча курама команданы түзүү максатында өткөрүлдү.

Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурду.

Байгелүү орундарга: 1-орунга  №29 МКГ (Биринчи май району), 2-орунга  №17 ОТК МЛ (Октябрь району), 3-орунга  №26 ГК (Октябрь району) ээ болушту.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.