ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан салыктарды өз убагында төлөөнү суранат

Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-борборунда 25-февралда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабековдун катышуусунда жергиликтүү салыктарды өз убагында төлөө боюнча басма сөз жыйыны өткөрүлдү.

Басма сөз жыйындын жүрүшүндө биринчи вице-мэр акыркы беш жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын айтып берди.

«Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше салыгы боюнча жыл сайын аткарылбагани көрсөткүчтөр болуп келет. 2011-жылы аткарылбаганы 468,9 млн.сом, 2012-жылы – 690,9 млн.сом, 2013-жылы – 433,1 млн.сом, 2014-жылы – 266,5 млн.сом жана 2015-жылы 695,5 млн сомду түздү. 2011-жылдвн 2015-жылга чейин жергиликтүү бюджеттин кирешеси 5 983,1 млн. сомдон 7 075,3 млн.сомго чейин, башкача айтканда 118,3% жогорулаган»,-деп түшүндүрдү Замирбек Малабеков.

Ошондой эле биринчи вице-мэр шаар тургундарын салыктарды өз убагында төлөөнү суранды жана шаар тургундарын коррупция менен күрөшүүгө, фактылар болсо төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууга чакырды.

 - Бишкек шаарынын мэриясынын Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү  жана коррупцияга каршы чара көрүү боюнча бөлүмү, тел: 62 27 04, 61 08 27;

 - 185 кызматы;

- Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, тынымсыз байланыш 195;

-   КР УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, ишеним номери: 66 00 20.

Басма-сөз жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, калаанын райондук администрацияларынын башчылары, Бишкек шаарынын салык органдарынын башчылары жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча МСКнын  ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Эгембердиев катышты.