ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте таэквон-до ITF боюнча шаардык ачык чемпионат жыйынтыкталды

2016-жылдын 20-февралында Каба  уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында таэквон-до ITF боюнча шаардык ачык чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдешке Бишкек, Токмок шаарларынын, Ленинский, Маевка, Ивановка, Октябрь айылдарынын, ошондой эле Казакстандын Алмата жана Актобе шаарларынын  командалары катышты. Жалпысынан 153 спортчу катышты.

Спорттук иш-чара таэквон-до ITF өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Чемпионат Кыргызстандын Таэквондо ITF Федерациясы Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.