ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун балдары «Муздун үстүндө чуркоо» спорттук иш-чарасына катышты

Шаардык муз тебүү аянтында Октябрь райондук администрациясы аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары жана окуучулары үчүн  уюштурган «Муздун үстүндө чуркоо» спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкуловдун демилгеси менен өткөрүлдү. Спорттук иш-чарада район башчысы балдарды кышкы спорттун түрүнө чакыруу маанилүү экендигин белгиледи.

Иш-чарага 200 дөй бала чакырылып, алардын ичинен биринчи жолу коньки тепкендер дагы бар. Алар акырындык менен спорттук эстафетага катышып, иш-чараны кызыктуу өткөрүштү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.

Бардык чакырылгандар үчүн эки саат коньки тебүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Аталган иш-чара толугу менен Октябрь райондук администрациясынын башчысынын фондунан каржыланды.