ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет Кемин районунун окуучуларын жылуу тосуп алды

Кемин районунун Кичи-Кемин айылынын Б.Юнусалиев атындагы орто мектебинин окуучулары «Жаш карек – Кыргызстан балдардын көзү менен!» долбоорунун алкагында Бишкек шаарына келишти.

Долбоор Кыргызстандын окуучуларынын арасында кызматташуу жана патриотизм, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында Бишкек шаарынын №38 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен Кемин районунун окуучулары жолугушуп, таанышышты. Мэриянын жыйын залында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова окуучуларга жолукту. Жолугушууда  шаарды өнүктүрүүнүн тарыхы тууралуу китеп белек кылып, окуучуларга муниципалитеттин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ошондой окуучулардын окууларына ийгиликтерди каалады.

Андан кийин окуучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты.  Балдар парламенттин жыйынында катышып, алар менен Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков саламдашты.  Андан кийин окуучулар менен КР ЖК депутаттары Евгения Строкова, Алтынай Өмүрбекова, Садык Шер-Нияз жана Эмил Токтошевдин жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда депутаттар парламенттин иши, мыйзамдарды кароо жана чыгаруу  тууралуу айтып беришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №38 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн түшкү тамактануу уюштурду.

Күндүн экинчи бөлүгүндө окуучулар мэрия тарабынан уюштурулган дельфинарий көрсөтүүсүнө барышты. Көрсөтүүдө эки дельфин жана ак кит, деңиз мышыгы катышып, татаал  трюктарды көрсөтүп беришти.

Алдыда №38 мектеп-гимназиясынын окуучулары Кемин районуна барып, Кемин районунун Ак-Түз айылынын тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүү пландалууда.