ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада сумо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү

Бишкекте 2016-жылдын 23-февралында «Беш-Сары» спорт комплексинде сумо боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлдү.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Ассоциациянын вице-президенти Эмил Жамангулов, КР Япония элчилигинин кеңешчиси Харада Кадзуя мырза жана шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбанбек Шерматов катышты. Алар эл аралык мелдештин ачылышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Мелдешке 1998-2000-жылы туулган балдар жана кыздар, ошондой эле эркектер жана кыз-келиндер катышты.

Балдар арасында 3 категорияда: 80 кг, 100 кг чейин жана 100 кг жогору;  кыздар арасында 60 кг чейин жана 60 кг дан жогору болуп бөлүндү.

Спорттук мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык дене тарбия жана спорт комитети, КР сумо күрөшү боюнча Ассоциациясы жана КР Япония элчилиги тарабынан өткөрүлдү.

Аталган мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:

Кыз-келиндер арасынан 60 кг салмак категориясы боюнча Абдумалик кызы Самара, Мээрим Курадилова 1-орунду, Азамат кызы Нурсулу, Гуляшенко Надежда 2-орунду, Римма Ким, Кызжибек Рустамова, Нурбек кызы Нуркыз, Адинай Кадырова 3-орунду жеңип алышты.

Эркектер арасынан Аслан Шайлообеков, Максат Тынаев, Жабиров Амридин, Чыңгыз Керимкулов, Кубат Жээналиев 1-орунду, Темирбеков Баяман, Эсенбек уулу Улукмырза, Рафаель Манапов, Андрей Димченко, Максим Стихин 2-орунду, Сүйүнбеков Баястан, Сейитбек уулу Аян, Майрамбек Айткулов, Муктарбек уулу Арген, Аскат Ниязалиев, Кайрат Досалиев, Азамат Бектурсунов, Тууганбек уулу Эрнис, Фотех Мухторов и Дастан уулу Ислам, Батырбек Шаимкулов, Кубат Жээналиев 3-орунду багындырды.

Жеңүүчүлөр шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кубок, медаль, димлом жана баалуу белектери менен сыйланышты.