ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Куттубаев көчөсү 20/2 дарегинде жайгашкан «Мотор» унаа жуучу жайынын  кызматкерлери таштандыларды таштагандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган жайдын айланасы антисанитардык абалга жетип, таштанды чыгаруу үчүн 2016-жылга келишим түзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Мотор» унаа жуучу жайынын ижарачысынын атына КР «Администртивдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.