ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик тилден сынак тапшырышты

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттыруу максатында уюштурган 72 сааттык окуу курсун жыйынтоо үчүн сынак тест алды.

Аталган окуу курсунун катышуучулары “Кыргызтест” системасынын талаптарына ылайык түзүлгөн программа менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы, КРда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жана Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин (соңку редакциясы) негизинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде тариздөө, мамлекеттик тилге которуу, кызматтык милдеттерин жана укуктарын оозеки айтып берүү өңдөнгөн кызматтык ишмердикке байланышкан бир топ пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.  

24-февралда аталган окуу курсуна катышып, В2 деңгээлинде сабак алган Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери окуунун жыйынтыгы катары 100 суроодон турган тест тапшырышты. Эгер бардык сурооонун ичинен 67 суроосуна, башкача айтканда 30%на жооп бере алса окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу тастыктамага ээ болушат.