ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жалпы билим берүүчү сабактар боюнча республикалык олимпиада өткөрүлөт

2016-жылдын 25-февралында Бишкекте Тарых жана маданият жылына арналган окуучулардын республикалык олимпиадасы башталат.

Ошондой эле 25- жана 26-февралда математика, физика, информатика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана  адабият, орус тил жана адабият, англист тил сабактары боюнча окуучулар арасында 32- шаардык олимпиаданын 2-туру өткөрүлөт.

Олимпиада балдарды билимге тартуу, өнүктүрүү жана илимий-билим берүүчү иштерге кызыктыруу максатында өтөт.

Олимпиадалык тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүү министрлиги тарабынан дайындалды.

Шаардык олимпиадага калаанын жалпы билим берүү мектептеринен 302 окуучу катышат.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү, 1-орундун ээлери 2016-жылдын 25 жана 26-мартында өтө турган Республикалык олимпиаданын 4 –этабына катышат.