ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамын сактоо боюнча рейд өткөрүлдү

2016-жылдын 17-февралында Биринчи май районунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Мамлекеттик тил жөнүндө»  мыйзамын сактоо боюнча рейд өткөрдү.

Рейдке шаардык мэриянын жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүү Тынчтык проспектиси жана Бөкөнбаев, ошондой эле Логвиненко жана Москва  көчөлөрүндө жайгашкан дүкөндөрдөн башталып, тышкы жарнамалар текшерилди.

Жыйынтыгында тышкы көрнөк-жарнактарда мамлекеттик тилди жокутугу аныкталды.

Аталган рейдиин соңунда  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарнама берүүчүлөрдү жакынкы аралыкта каталарын оңдоону тапшырды.

Бул багыттагы текшерүүлөр улантылат.