ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Кыргызгражданстрой» компаниясы көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Сүйүнбаев көчөсү, 193 дарегинде жайгашкан «Кыргызгражданстрой» ЖЧКсы курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында таштанды чогултуучу жайга айланып, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.

Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан башкы директор Агдеев Э.нин атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.