ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкете Афган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган «Кыргызстан тархынын жандуу барактары» иш-чарасы өткөрүлдү

№3 мектептин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында Афган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган «Кыргызстан тархынын жандуу барактары» иш-чарасы өткөрүлдү.

«Кыргызстан балдары» шаардык чыгармачылык борборунун, №65 экологиялык-экономикалык лицейинин жана №20 мектеп-гимназиясынын окуучулары өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Иш-чара тарыхый эс тутумду сактоо, рухий баалуулуктарды калыптандыруу, Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларын патриоттуулукка тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага КР билим берүү жана илим министрлининин жетектөөчү адиси Абдылдаева Г.К., Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысыныны орун басары Наталья Никифорова, Афган согушунун катышуучулары катышты.