ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Октябрь райондук администрациясы №62 мектеп-гимназиясында Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов катышып, согушка катышкан жоокерлерди куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Бардык чакырылгандарга бир жолку акчалай жардам, ал эми жигердүү ардагерлерге райондун коомдук жашоосуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Октябрь районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосунда 231 ооган согушунун катышуучусу бар. Анын ичинде 7 үйбүлө курман болгондордун үйбүлөсү. Бардыгына материалдык жардам көрсөтүлдү.


Мындан тышкары, администрация тарабынан жыл сайын көңүл бурулуп турат.