ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин унаа жуучу жайлары шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Биринчи май районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Тоголок Молдо көчөсү №116 дарегинде жайгашкан «7х7» унаа жуучу жайынын кызматкерлери өтүүчү жолго ташталарды чогултуп, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан унаа жуучу жайынын ээси Зимухов А.А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.