ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы жеңилдетилген типтеги объектилерди алууда

Биринчи май райондук  администрациясы Муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү уруксат документтери жок 35 жеңилдетилген объектини алды.

Москва көчөсү боюнча 6 объекти,  Дэн Сяопин көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишиндеги  4 объект, Ден Сяопин көчөсү-Фучик көчөсү боюнча  14 объект, Мессарош – Волков көчөлөрү боюнча 2 объект, Т.Молдо-Токтогул көчөлөрү боюнча 1 объект, Тыныстанов – Дружба көчөлөрү боюнча 2 объект, Д.Сяопин көчөсү №337 – Кайназаров көчөсү 2 объект, П.Лумумбы – Профсоюзная көчөсү боюнча 1 объект жана Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары боюнча 3 жеңилдетилген типтеги объект алынды.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Иш-чара  райондун архитектуралык-эстетикалык тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, иретке келтирүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын  «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аракеттешүүсү жөнүндө» буйругунун негизинде өткөрүлүүдө.