ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлдү

№52 орто мектебинин базасында Свердлов районунун жалпы билим берүү мектептеринде  илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Иш-чаранын башкы максаты балдарды илимдин жетишкендиктери менен жакындан тааныштыруу, алардын инженердик-техникалык кесиптерге кызыгуусун арттыруу болуп саналат.


Жумалык 2016-жылдын 8-февралынан 14-февралына чейин өтөт. Свердлов районунун мектептеринин окуучулары атайын жана жогорку окуу жайларга, өндүрүш аянтчаларына  барып, окумуштуулар, инженерлер, технологдор жана ойлоп табуучулар менен жолугушат.  Ал эми мектептерде класстан тышкаркы сабактар өткөрүлөт.


Аталган иш-чарага «Кыргыз элинин турмуш-тиричилик техникасы: компьютердик дизайн же окшоштурулган модель» мультимедиялык долбоору, «Мамлекет – сен жана мен» компьютердик плакат сынагы, «Апам, атам жана мен- техникалык үйбүлө» республикалык сынагы, «Биз 21-кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар катышат.


Белгилей кетсек, Жумалык тарых жана маданият жылына арналат.