ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада музда көркөм бийлөө боюнча шаардын чемпионат жыйынтыкталды

Бишкектеги шаардык муз тебүү аянтында музда көркөм бийлөө боюнча шаардык чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдеш 2016-жылдын 5-6-февралында өткөрүлүп,  4 жаштан 15 жашка чейинки жаш фигуристтер катышты.

Мелдеш сегиз категория боюнча өткөрүлдү, тактап айтканда жаш фигуристтерден тышкары спорт чеберине талапкер болгондор өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Катышуучулар жалгыздап жана жуп болуп коньки тебүү, бийлөө оюндарын тартуулашты.

Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Чемпионатты  Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Кыргыз Республикасынын коньки тебүү мелдештери федерациясы менен биргеликте уюштурду.

Аталган мелдештин жыйынтыгы менен Медина Кутманова, София Шубина, Жасмин Шлага, Варвара Петрова, Милана Мамбеталиева, Злата Саприна, Диана Ким, Кубат Джундубаев жана Александра Нестерова жеңүүчү болуп табылды.