ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Биринчи май райондук администрациясында балдарды коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

2016-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясында Балдар менен иштөө комиссиясынын 2015-жылы аткарган иштери жана балдарды коргоо боюнча шаардык план  боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотованын, жана  Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек  Алиевдин катышуусунда өттү.


Аталган жыйында турмуштук кыйын кырдаалдагы балдарды коргоо боюнча шаардык планды аткаруу боюнча шаардык мэриянын, райондук администрациялардын, шаардык жана райондук кызматтардын иштеринин жыйынтыгы чыгарылды.