ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү

2016-жылдын 4-февралында Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында жашы жете элек өспүрүмдөр  арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, РИИБ, райондук билим берүү борборунун, райондук спорт комитетинин жана №38 ОТК жана Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын 2015-жылдын 12 айында аткарган иштеринин отчеттору угузулду.


Координациялык кеңешке балдар менен иштөө комиссиясынын мүчөлөрү, балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу жана жоюу боюнча өзгөчө чаралар штабынын мүчөлөрү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө аймактык инспекторлорунун өздүк  курамы, жалпы билим берүү мектептеринин тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, РББ администрациясы, МАБдардын социалдык кызматкерлери, СӨБ үйбүлө жана балдарды колдоо бөлүмү, Свердлов районунун Саламаттыкты сактоо боюнча координатору катышты.


Аталган жыйындын жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
.