ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2016-жылдын февраль айында «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы калаанын алты көчөсүндөгү жарык түйүндөрүн оңдойт

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын январь айынан баштап калаанын алты көчөсүн (Ибраимов, Панфилов, Некрасов, Элебесов, Логвиненко жана Донецкий) жарыктандырды. Февраль айында да 6 көчөсүндө жарык түйүндөрүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

- 1-февралдан 10-февралга чейин Медеров көчөсү (чыгыш тилкеси) Байтик Баатыр көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин 79 жарык түйүнү орнотулат;


- 1-февралдан 10-февралга чейин Медеров көчөсү (батыш тилкеси) Панфилов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин 20 жарык түйүнү орнотулат;


 - 11-февралдан 18-февралга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсү (чыгыш тилкеси) Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин 42 жарык түйүнү орнотулат;


- 11-февралдан 18-февралга чейин Лев Толстой көчөсү (батыш тилкеси) Фрунзе көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин 230 жарык түйүнү орнотулат;


- 19-февралдан 28-февралга чейин Токтомбаев көчөсү (чыгыш тилкеси) Түштүк дарбазадан Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин 320 жарык түйүнү орнотулат;


- 19-февралдан 28-февралга чейин Гагарин көчөсү боюнча (батыш тилкеси) Тынчтык проспектисинен «Ак-Өргө» конушуна чейин 277 жарык түйүнүн орнотуу пландалууда.


Эмне үчүн күндүз жарык түйүндөрү күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.


Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.


Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.


«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.