ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте муз бийи боюнча ачык чемпионат өткөрүлөт

5-февралдан 6-февралга чейин «Шаардык муз тебүү» спорттук оюн-зоок борборунда муз бийи боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт.

Бул жылы чемпионат калаада 5 жолу өткөрүлүүдө. Мелдешке 4 жаштан 15 жашка чейинки жаш муз бийчилери, жалпысынан 50 спортчу катышат. Былтыркы жылы 60 жакын спортчу катышкан. Мелдеш жеке бийлегендер арасында өтөт.


Иш-чаранын башкы максаты муз бийин жалпыга жайылтуу жана муз бийчилеринин спорттук чеберчилигин жогорулатуу болуп эсептелинет.


Чемпионатты  Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Кыргыз Республикасынын коньки тебүү мелдештери федерациясы менен биргеликте өткөрүүдө.


Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат.