ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эртең калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 4-февралында саат 10:00 дон 16:00го чейин калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат.

Г.Айтиев көчөсүндөгү Д=300мм суу алгычын авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү райондордо таза суу берилбейт: Асанбай кр -  Токомбаев, Сужэ-Батор, Г.Айтиев, Куттубаев көчөлөрүндө, 6 кч. - №№29, 30, 34 турак үйлөрүндө, №157 бала бакчада, Октбрь райондук сотунда, 7 кч. - №№14, 15, 16, 23/2, 23/1, 17, 18, 44, 45, 46, 47, 48, 49, 48/1, 48/2, 53а турак үйлөрүндө, «НТС» ТРК, №10 бала бакчада, «Жаннат» мейманканасында, «Той Ордо», «Кайнар», «Пальмира», «Атмосфера», «40х40» комплекстеринде таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.