ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын аймагында жеңилдетилген типтеги объектилерди орнотуунун эрежелери

Урматтуу шаар тургундары!

Бишкек шаарынын мэриясы калаанын аймагында жеңилдетилген типтеги объектилерди (соода күркөлөрдү, күркөлөрдү, гараждарды, жарнама калкандарын ж.б.) орнотуунун эрежелерин эскертет.

Биринчи кезекте так даректи көрсөтүү менен жеңилдетилген типтеги объектини орнотуу боюнча жазуу (электрондук) кайрылуу керек. Келип түшкөн кайрылуу катталган күндөн баштап 14 күндүн ичинде каралат.


Андан кийин "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек        шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобосуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы «Бишкекбашкыархитектурага» жер тилкесине архитектуралык-техникалык кортунду даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу арыз жиберет.   Жер тилкесине архитектуралык-техникалык кортунду даярдоо учурунда, документтер жер участокторуна ижара укуктарды берүү үчүн чечим чыгаруу боюнча комиссиянын кароосуна жиберилет.


Комиссянын чечими менен белгиленген тартипте жеңилдетилген типтеги объектилерди орнотууга, жайгаштырууга жер участогу берилет.

 

ПОЛОЖЕНИЕ о порядке и условиях предоставления прав аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной собственности города Бишкек под объекты облегченного типа