ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы грип оорусу боюнча пресс-конференция өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясы 1-февралда грип оорусу боюнча абал тууралуу пресс-конференция уюштурду.

Пресс-конференцияга Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов, СЭКБ бөлүм башчысы  Айнагуль Рыскулбекова, Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева катышты.


Жыл сайын эпид мезгили учурунда грип жана жугуштуу оорулар менен калктын 20% ооруйт.  2016-жылдын январь айынын аягына жугуштуу оорулар менен 6932 адам жана  грип менен 41 адам катталган.  


Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева өз сөзүндө   H1N1 сасык тумоосунун белгилери кадимки ооруга окшош экенин жана мында дене табы көтөрүлүп, баш ооруйт, мурду токтобой, дене-бой ооруксунуп, тамактын оорусу байкаларын билдирди.


Жугуштуу ооруларды  жуктуруп албоо үчүн адистер адамдар көп чогулган жерден оолак болуп, бет кап тагынып, жеке гигиенаны сактоону сунуш кылат. Ал эми ооругандар  дарыгерлерге кайрылуусу зарыл.


Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борбору калаанын 119 мектебинде санитардык көзөмөл жүргүздү. Анын ичинде 25 мектеп жеке мектептер.

 

Калаада жадпысынан 134079 окуучу билим алат. 2016-жылдын 25-январынан баштап мектептерде эртең менен окуучулардын сабактарга катышуусу көзөмөлдөнүп башталды.


27-январда Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл  борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте калк арасында жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушту.