ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Стрельник айылында «Баарыбыз лыжага -2016» кышкы спорттук майрам өткөрүлдү

30-январда Стрельник айылында калаанын балдарды калыбына келтирүү борборлорунун, балдар үйлөрүнүн, ошондой эле калаанын бардык райондорунун окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз лыжага - 2016»  спорттук-массалык иш-чарасы өткөрүлдү.

Мелдеш шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.


Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов катышып, катышуучуларды майрамы менен куттуктады жана аларга ийгилик, жеңиштерди каалады.


Спорттук иш-чарада балдар үчүн спорттук эстафеталар жана оюндар, конкурстар, «Аяз киши жасоо конкурсу», «аркан тартыш», «Бука тартыш», «Таяк тартыш» оюндары  уюштурулду. Жалпысынан 400 бала катышты.


Иш-чара кышкы спорттун түрүнө жаңы катышуучуларды тартуу жана сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү.


Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.