ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын белгилүү бий чебери Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечесине чакырат

4-февралда саат 18:30 да А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында  СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси өткөрүлөт.

Эскерүү кеченин алкагында Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын балет артистери жана солисттеринин биргелешкен концерти өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын дүйнөлүк балеттик классикадан үзүндүлөрдү жана номерлерди көрүүгө чакырат.


Кирүү акысыз. Сурап-билүү телефону: 66-16-28.


Маалымат: Бий чебери  Чолпонбек Базарбаев көптөгөн жылдар бою улуттук балет группасынын башчысы болуп келген. Ал өзүнүн чыгармачыл жашоосунда дүйнөлүк спектаклдердеги 30дан ашуун балет классикаларын сахнага алып чыккан. Чыгармачылыгында көрүүчүлөрдүн суктанган таң калуулары анын аткаруучулук өнөрүн андан ары өнүктүрүп, бийчиге жеке аткарууда гана эмес, дуэт аткарууда да дем-күч берип турган. Сахнада СССР Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен өнөктөш болгон.


Ал чыныгы артисттик талантка ээ, аткаруу техникасы эң күчтүү, өзүнүн кайталангыс таланты менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп турган мыкты бийчи катары элдин эсинде калган.