ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ата-Түрк сейил багында семичке чаккан кызды жоопкерчиликке тартты

Октябрь райондук администрациясынын административдик комиссиясы 29-январда калааны көрктөндүрүү эрежесин бузгандыгы боюнча Бишкек шаарынын тургуну Акшоола Болотованын ишин карады.

Эске салсак, Ата-Түрк сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз тууралуу видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.


Бишкек шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго видеодогу каарманды административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө кызматтык катын жөнөткөн. Калаа башчысы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкуловго укук коргоо органдары менен биргеликте көрктөндүрүү эрежесин буган кызды жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди.

Мэрдин тапшырмасы аткарылды. Административдик комиссиянын чечими менен «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча 1996-жылы туулган Болотова Акшоолага 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Ошондой эле комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө  ал өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылбагандыгын, бул маалыматты интернеттен окуган ата-энеси жаман абалда калгандыгын билдирди.

 

Видео