«Тазалык» МИ түнү бою жолдорду кардан тазалашты
- Подробности
- Опубликовано 29.01.2016 10:03
28-январдан 29-январга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүздү.
Кардан тазалоо иштерине 18 бирдик кар тазалоочу унаа (16 МАЗ КО жана 2 ЗИЛ КДМ), 4 трактор (Беларусь), 5 грейфердик жүктөгүч тартылды. Шаардын көчөлөрүнө 43 тонна кум жана 3 тонна туз чачылды.
Тазалоо иштерине Жол -эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана «Тазалык» ишканасынын 542 короо шыпыргычы тартылды.
Күн бою «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |