ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Свердлов райондук администрациясынын коллегиясы өткөрүлдү

Калаада  27-январда Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин катышуусунда Свердлов райондук администрациясынын коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегиянын жүрүшүндө 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 162 жеңилдетилген типтеги объект алынганы айтылды.


2015-жылдын январь айынан декабрь  айына чейин райондун жана шаардын аймагында 25 миң район тургундарынын катышуусунда 70 ар түрдүү, маданий-массалык, майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.


Өткөн жылы 12 ишембилик өткөрүлүп, 1654 дарактардын көчөтү отургузулган жана 49095 п/м арык тазаланды.


Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, ошондой эле шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.