ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын №65 лицейинде жаңы спортзал ачылды

2016-жылдын 20-январында №65 эколого-экономикалык лицейинде жаңы спорт залдын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Мурда авариялык абалга байланыштуу зал жабык болчу. Чатырын, полун алмаштыруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү керектелген.

Залдын капиталдык оңдоосу үчүн шаардык  мэрияга, шаардык кеңешке, Капиталдык курулуш башкармалыгына, Билим берүү башкармалыгына, Свердлов райондук администрациясына, Свердлов районунун Билим берүү борборуна, «Карвен клуб» компаниясына, КР  Стол тенниси  Ассоциациясына ыраазычылыктар айтылды.


Ошондой эле жаңы спорт зал спорттук жабдуулар менен жабдылды.


Иш-чарага ардактуу меймандар, Бишкек шаардык кеңештин депутаты С.Атантаева, Свердлов районунун Билим берүү борборунун директору А.Абдылдаева, лицейдин көзөмөл кеңеши, «Карвен групп» компаниясынын башкы директору жана стол тенниси ассоциациясынын вице-президенти катышты.


Спорттук залдын ачылышы спортчулардын парады менен башталды.


Спортчулардын парадын 3-класстын окуучусу 2013-жылы Грецияда өткөрүлгөн  дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси, Азия чемпиону, шахмат боюнча КР Президентинин Кубогуну ээси  Орозбаев Эльдияр ачты.