ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов акимиаты райондогу коомдук-саясий туруктуулук боюнча жумушчу жыйын ɵткɵрдү

Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясында акимдин  биринчи орун басары Турат Айдаровдун жетекчилиги алдында жумушчу жыйын ɵткɵрүлдү.

Жыйынга куратор Дɵɵлɵтбек Турдукожоев, Свердлов райондук сотунун соту, Свердлов районунун ИИБнын башчысынын орун басары Муратбек Абдылдаев, МАБдардын башчылары, коомдук-профилактикалык борборунун жана аксакалдар сотунун тɵрагалары катышты.


Аталган жыйын коомдук-профилактикалык борборунун, аксакалдар сотунун  ишмердүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле курч кɵйгɵйлɵрдү укук коргоо органдары, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү жана тыгыз иштешүүгɵ багытталды.


Жыйында юридикалык топтун башкы адиси А.Кенжебаевдин борбордун, Свердлов районундагы аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматы угузулду.


Жумушчу жыйындын соңунда МАБдардын башчыларына райондун коомдук-саясий туруктуулугун колдоодо коомдук –профилактикалык борборго, аксакалдар сотуна жана укук коргоо органдарына ар кандай жардам кɵрсɵтүү тапшырылды.