ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада лыжа тебүү спорту боюнча мелдеш ɵткɵрүлɵт

2016-жылдын 30-январында Таш-Дɵбɵ айылында  (Воронцовка) лыжа тебүү спорту боюнча шаардык мелдештин ачылышы ɵткɵрүлɵт.

Иш-чаранын башкы максаты жаңы катышуучуларды тартуу, сергек жашоого үндɵɵ, ошондой эле кышкы спорттун түрлɵрүн жайылтуу болуп саналат.


Мелдеш жаш курактарына жараша тɵмɵнкү топто:  12 жашка чейинки балдар-кыздар (2004-ж.т.), 14-15 жаштагы өспүрүмдөр (2002-2003-ж.т.),  жана 1997-жылы туулган уландар арасында ɵтɵт.


Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети  Кыргыз Республикасынын аталган спорт түрү боюнча федерация менен биргеликте уюштурууда.


Жеңүүчүлɵр диплом, медаль жана спорт комитетинин белектери менен сыйланышат.