ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Беларусь Республикасынын унаа куруу заводунун ɵкүлдɵрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов менен КР Беларусь республикасынын элчиси Виктор Денисенко жана унаа куруу заводунун ɵкүлдɵрү менен жолугушуусу ɵткɵрүлдү.

Заводдун ɵкүлдɵрү коммуналдык жана кар тазалоочу, айыл-чарба жана жүргүнчү ташуучу  техника, ошондой эле лифттик ɵндүрүш тууралуу айтып беришти.


«АМКОДОР» ААК директорлор кеңешинин мүчɵсү Александр Огородников аталган заводдун жана анын ɵндүрүш иштери менен таанышуу үчүн мэриянын адистерине Беларуссияга чакырды.


"МАЗ" заводунун өкүлдөрү жакындан бери таштанды ташуучу унаанын жаңы моделдери иштелип чыкканын белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясы  үчүн коммуналдык техникаларды сунуштоону билдиришти.  


Өз кезегинде мэр Кубанычбек Кулматов жаңы техникага кызыкдар экенин белгиледи.


"Биз үчүн техниканын колдонуудагы жөнөкөйлүгү жана запастык бөлүктөрдү сатып алуудагы жеткиликтүүлүк башкы маселени жаратат", — деди калаа башчысы.


Жолугушууга вице-мэрлер Геннадий Милицкий, Эркинбек Исаков жана мэриянын кызматкерлери катышты.