ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринин музыка мугалимдери музыка сабагында интерактивдүү тактаны колдонуу боюнча семинар угушту

№61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинде калаанын мектептеринин музыка сабагынын мугалимдерине «Музыка сабагында билим берүү процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу каражаты катары интерактивдүү тактаны колдонуу» темасында семинар ɵткɵрүлдү.

Семинардын жүрүшүндɵ музыка мугалими Т.Калачева «Музыка сабагын кантип кызыктуу ɵткɵрүү  керек, заманбап технологиялардын жардамы менен окуучулардын талантын ɵнүктүрүү»  тууралуу доклад окуду жана музыка сабагында кантип интерактивдүү тактаны колдонуу керектиги тууралуу ачык сабак ɵткɵрдү. Ошондой эле мисал катары 1-класстын окуучуларына ачык  сабак ɵткɵрүлдү.

Аталган семинарга Бишкек шаарынын мектептеринде иштеген 68 музыка сабагынын мугалими катышты.