ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Январь айында «Бишкекжарык» МИ калаанын алты кɵчɵсүн жарыктандырууну пландоодо

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын январь айында калаанын алты кɵчɵсүндɵ тышкы жарыктандыруусуна оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзɵт.

- 11-январдан баштап Элебесов кɵчɵсү боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Аул кɵчɵсүнɵ чейин 179 чырак орнотулат;

- 11-январдан баштап Панфилов кɵчɵсү боюнча Скрябин кɵчɵсүнɵн Жибек-Жолу проспектисине чейин 105 чырак орнотуу пландалууда;

-21-январдан баштап Ибраимов кɵчɵсү боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Кулатов кɵчɵсүнɵ чейин 190 чырак орнотулат;

-21-январдан баштап Логвиненко кɵчɵсү боюнча Кулатов кɵчɵсүнɵн Жибек-Жолу проспектисине чейин 63 чырак орнотулат;

-21-январдан баштап Донецкая кɵчɵсү боюнча Малдыбаев кɵчɵсүнɵн Каралаев кɵчɵсүнɵ чейин 129 чырак орнотулат.

Эмне үчүн күндүз шам чырактар күйүп турат деген суроо менен шаар тургундары бир нече жолу кайрылышкан. Оӊдоо иштеринин жүрүшүн контролдоо жана жарыктандыруу боюнча нормативдик талаптар менен камсыздандыруу күндүзгү убакта жүргүзүлөт.

Муниципалдык келишимден пункттарынын биринде шам чырактарды оӊдоо, күйүп кеткен чырактарды алмаштыруу, жарыктандыруу арматураларын оӊдоо жана текшерүү каралган.

Коопсуздук иштерин камсыз кылуу үчүн «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы оӊдоо-калыбына келтирүү иштерин  көчөлөрдөгү жарыктандырууну жандырган бойдон  күндүзгү убакта жүргүзөт. Тармактардын эскиргендигине байланыштуу мекеме тышкы жарыктандырууну оӊдоо иштерин дайыма жүргүзүп келет.

«Бишкекжарыктандыруу» муниципалдык ишканасынын диспетчердик кызматынын номери – 31-17-23.