ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын күчɵтүү максатында иш-чаралар ɵткɵрүлдү

Биринчи май районунун жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын күчɵтүү максатында укук коргоо органдары менен иштерди  күчɵтүү боюнча керектүү профилактикалык иш-чаралар ɵткɵрүлдү.

Жашы жете элек ɵспүрүмдɵр арасында укук бузууларды, мектеп рэкетин алдын алуу жана окуучуларды коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында «Коопсуз мектеп», «Коопсуз бала бакча» долбоорунун алкагында Биринчи май районунун  бардык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына онлайн- видео кɵзɵмɵл орнотулду.

Бардыгы 21 жалпы билим берүү мекемесине жана 14 мектепке чейинки уюмга 392 онлайн-видео кɵзɵмɵл менен камера орнотулду.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругун жана Бишкек шаарынын мэринин протоколдук тапшырмасын аткарууда ɵткɵрүлдү.