ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлдөрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында 19-январда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов «Сорос-Кыргызстан» фондунун директорунун милдетин аткаруучу Шамил Ибрагимов менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө калааны коомдук колдонуу мейкиндиги маселелери, жол тармагын башкаруу кызматын жакшыртуу, Бишкек шаарында социалдык объектилерди өнүктүрүү, ошондой эле шаардын экологиялык саясаты талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында  аталган маселелерди талкуулап, конкреттүү чечим чыгара турган Үчүнчү Урбан форумду уюштурууга өзгөчө көӊүл буруу чечими чыгарылды.

Аталагн талкууга Шаарды өнүктүрүү агенттигинин башчысы Азамат Усубалиев, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гуля Алмамбетова жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун жаштар программасынын директору Баглан Мамаев катышты.