ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери түнү бою калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүздү

Бишкекте 17-январдан 18-январга караган түнү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорун кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүздү.

Кардан тазалоо иштерине  18 бирдик кар тазалоочу унаа (16 МАЗ КО жана 2 ЗИЛ КДМ),  5 трактор (Беларусь), 3 грейфердик жүктөгүч тартылды. Шаардын көчөлөрүнө 173 тонна кум жана 13 тонна туз  чачылды.

Тазалоо иштерине Жол -эксплуатация башкармалыгынын 30 жумушчусу жана «Тазалык» ишканасынын короо шыпыргычтары  тартылды.

Учурда тазалоо иштери кечке чейин токтотулду. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.