ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын курулуш компаниялары калааны көрктөндүрүү эрежелерин буузда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Чүй проспектиси- Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Экспресс-Строй" ЖЧК курулуш компаниясынын кызматкерлери уруксат документтерисиз жер иштерин жүргүзүп, ошондой эле калааны көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан «Экспресс-Строй» ЖЧКсынын директору Мележик А.И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.


Аталган маселе Бишкек шаарынын Санитарлдык-экологиялык инспекциясынын көзөмөлүндө турат.