ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек троллейбус башкармалыгына 65 жыл толду

2016-жылдын 13-январында Бишкек троллейбус башкармалыгына 65 жыл толду.

1951-жылдын 13-январында Фрунзе шаарынын алгачкы троллейбус каттамы ачылган жана анын айдоочусу Тагильцев Николай болгон. Биринчи каттам Фрунзе атындагы темир жол жана Свердлов көчөсү болгон (Азыркы Илимдер академиясынын алды). Троллейбустун номер биринчи каттамы Линейный, Совет, Сталин (Чүй проспекти) көчөсүнөн баштап Крупская атындагы балдар үйүнө чейин болгон. Ал эми маршрут №2 каттам Темир жол вокзалынан Ленин проспектисы (Жибек Жолу) аркылуу өткөн.


Линиянын ачылган учурдагы жалпы узундугу 8,4 чакырымды түзгөн. МТБ-82Д үлгүсүндөгү 4 троллейбус элге кызмат кылган. Аталган каттам ачылган алгачкы жылдагы жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 3228 миң адамды түзгөн. Аталган башкармалыкта жалпы 78 адам иштеген.


1952-жылы каттамдын узундугу 17,4 чакырымга жеткен. Элге 10 техника кызмат кылган. 60 орундуу №1 депо курулган. Анда административдик корпус, профилактория, мастерской, гараж жана диспетчер пункту орун алган.


2010-жылы администрация жана профсоюздук комитет тарабынан Бишкек троллейбус башкармалыгында 25 жана андан көп жыл иштегендер үчүн «Эмгектин ардагери» төш белгиси бекитилген.


Учурда Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында 660 адам эмгектенип, 154 техника 9 каттамда шаардыктарды тейлейт.