ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын жамааты!

Сиздерди мекеменин түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздердин ишиӊиздер өтө жоопкерчиликтүү. Анкени, шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө алардын өмүрү жана саламаттыгы сиздердин колуӊуздарда.


Биринчи троллейбус каттамы 1951-жылы 13-январда  каттай баштаган. Анын айдоочусу  Тагильцев Николай болгон. Биринчи каттам Фрунзе атындагы темир жол жана Свердлов көчөсү, узундугу 8,4 км түзгөн. Андан бери троллейбус каттамы шаар тургундарына кызмат көрөтүп келет. Биринчи жылы шаар тургундарын 4 троллейбус камсыздап, жүргүнчүлөрдүн саны 3 миӊ 228 адамга жеткен.


Сиздерди  мааракеӊиздер менен дагы бир жолу куттуктайм! Сиздердин жамаатка бекем ден соолук, бакубат жашоо, ийгиликтерди каалайм.

 


Сиздерди тереӊ урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэри
Кубанычбек Кулматов