ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Тигүүчүлүк – Бишкекте белгилүү кесиптердин бири

КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 2016-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарында эӊ көп талап кылынган бош орундардын рейтингин жарыялады.

Жумушчу адистигинин арасында  тигүүчүлүк кесибинин рейтинги жогору жана базада 644 бош орун эсептелинет. Андан кийин ашпозчу кесиби – 279, айдоочу – 237, сатуучу – 165, түрдүү иштер -142, тазалагыч – 70, электрмонтер – 68, наабайчы – 60, коопсуздук кызматы жана  тейлөөчү адистигине – 70 бош орун.

Кызматтык адистигинин арасында мугалим кесибине -190 орун, кассир – 150, дарыгер – 109, кыймылсыз мүлк боюнча агент -93, администратор – 92, риэлтор – 90, менеджер – 50, тарбиялоочу – 46 жана медайым – 39.