ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Биринчи май районунда үйбүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Биринчи май районунда акимиаттын бекиткен планы боюнча аялдарга карата зомбулукка каршы иштерди жүргүзүлүүдө.

Райондун аймагында жайгашкан бардык МАБдарда аялдар кеӊеши иштөөдө жана райондун 50 жигердүү тургуну тартылды. Аялдарды зомбулуктан коргоо максатында тиешелүү уюмдар жана кварталдык, үй комитеттеринин өкүлдөрү менен биргеликте шаар тургундарына, Биринчи май районунун аймагында жашаган жашоочуларга  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Ошондой эле райондук кызматтар жана МАБдар тарабынан маалыматтык стендер жана үйбүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү эскертүүсү иштелип чыкты.


Биринчи май районунун ИИБнын билдирүүсү боюнча,  зомбулук көрсөткөн адамдарга карата КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин 66-3 беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.


Ошондой эле райондун аймагында жайгашкан ҮМБ маалыматы боюнча, үйбүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 30 жаштан 55 жашка чейинки 4 аял кайрылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.


Калктын саламаттыгын коргоону жакшыртуу максатында жаӊы конуштарда 2015-жылы 21 миӊ адамды камтыган (11 миӊ 762 аял жана 10 миӊ 147 эркек) профилактикалык текшерүү өткөрүлдү. Анда 1 миӊ 998 оору аныкталып, каттоого алынды.


Энелерди коргоону жакшыртуу максатында 7 миӊ 721 аял медициналык текшерүүдөн өттү.


№3,7,16 ҮМБ тарабынан үйбүлөнү пландоо жана апалар мектебинин иштеши боюнча окутуулар жүргүзүлүүдө. Бардыгы 684 адам окутулду. Анын ичинен 28 эркек жана 656 аял.

Кадр маселесине тиешелүү мамлекеттик гендердик саясаттын талаптарын аткаруу максатында райондук администрациянын аппаратында бардыгы 46 кызматкер, анын ичинен 38 муниципалдык кызматкер, ТОП 3, МОП 5. Алардын ичинен 13 аял, 17 эркек. Жетекчилик кызматта 2 аял. Райондун 5 МАБында бардыгы 33 кызматкер. Анын ичинен 17 аял, 16 эркек.