ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы окуучулар үчүн кышкы каникулда ийримдерди уюштурду

Бишкек шаарынын мэриясынын  Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, окуучулардын каникул убагында эс алуусун камсыздоо үчүн мектептерде жана балдар борборлорунда чыгармачылык ийримдер жана спорттук секциялар уюштурулду.

Ийрим иштерин камсыздоо үчүн 10 миӊден ашык райондук администрациялардын кызматкерлери, мугалимдер иш алып барууда. Ошондой эле бекитилген иш-чаралардын планы менен 15 миң баланы камтыган  ийримдер жана секциялар өткөрүлүүдө.


Октябрь районунда 800 окуучу Балдар чыгармачылык борборунда жана 2 миӊ 820 окуучу мектептерде ийримдерге катышат.


Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борбору 1 миӊ 300 окуучуну жана мектептери 1 миӊ 800 окуучуну камтыйт.

Свердлов районунун 1 миӊ 550 окуучусу Балдар чыгармачылык борборуна жана 3 миӊ 200 окуучусу мектептерге ийримдерге барышат.

Ленин районунун  1 200 окуучусу  Жаш техниктер станциясы уюштурган ийримдерге катышат жана 1 миӊ 500 окуучу Балдар чыгармачылык борборуна, 3 миӊ 300 окуучу мектептерде ийримдерге катышат.

Шаардык чыгармачылык борборуна калаанын мектептеринин 2 миӊ 400 окуучусу ийримдерге барат.


Шаар боюнча ийримдерге жалпысынан 19 миӊ окуучу катышууда.