ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Мыкты жаӊы жылдык жасалга сынагынын жеӊүүчүлөрүн куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында 31-декабрда мыкты жаӊы жылдык жасалга сынагынын жеӊүүчүлөрүн куттуктоо аземи өткөрүлдү.

«Райондун мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунду -  Биринчи май району, 2-орунду – Свердлов району, 3-орунду – Октябрь жана Ленин району алышты.


«Административдик имараттын мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония, 2-орунду KICB банк, 3-орунду КР Улуттук статистикалык комитети багындырды.


«Бюджеттик мекеменин мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинациясы боюнча 1-орунга Свердлов райондук администрациясынын имараты, 2-орунга Октябрь райондук администрациясынын имараты жана 3-орунга №30 орто мектеби ээ болушту.


«Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарларынын мыкты жаӊы жылдык жасалгасы» номинацияы боюнча 1-орунду  «Бишкекпарк» СБ, 2-орунду 

«Тюбетейка» рестораны жана 3-орунду «ЦУМ» СБ багындырды.


Жеӊүүчүлөргө  диплом жана акчалай каражаттар тапшырылды.