ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дельфинарийде калаанын балдар борборлорунун жана тарбиялануучу жайларынын балдары үчүн биринчи көрсөтүү өттү

Бишкек шаарынын Абсамат Масалиев проспектиси менен Байтик баатыр проспектисинин кесилишинде 30-декабрда орусиялык дельфинарийдин биринчи көрсөтүүсү өткөрүлдү.

Көрсөтүүдө эки дельфин, кит жана деӊиз мышыктары катышты.


Алар татаал трюктарды көрсөтүп, балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Деӊиз мышыгы бийлеп, ак кит шакектерди суудан алып берип, дельфиндер топтор менен ойношту. Ошондой эле боёктор менен сүрөт тартышып, мэрге белек кылышты.


Эртеӊ, 31-декабрда калаанын балдар борборлорунун жана тарбиялануучу жайларынын балдары үчүн экинчи  көрсөтүү өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпысынан 2 миӊ аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга бекер көрсөтүү уюштурууну пландап жатат.